Мексикада массалык мүрзөдөн 59 адамдын сөөгү табылды

Аймакта издөө иштери улантылууда.

1518719
Мексикада массалык мүрзөдөн 59 адамдын сөөгү табылды

Мексиканын Гуанахуато аймагына караштуу Сальватиерра шаарында массалык мүрзөдөн 59 адамдын сөөгү табылды.

Улуттук изилдөө комиссиясынын башчысы Карла Кинтана, өткөн жумада кабарланган маалымат боюнча жүргүзүлгөн казууларда шаардын сыртындагы ээн талаада диаметри бир чакырымга жеткен 52 көрүстөн чуңкуру табылганын билдирди.

Аймакта ушул кезге чейинки казууларда 59 кишинин сөөгү табылганын айткан Кинтана, курман болгондордун көпчүлүгүнүн жаштар экендигин жана алардын арасында көп санадаган аялдардын да бар экенин белгиледи.

Аймакта издөө иштери улантылууда.



Тектеш кабарлар