Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1518459
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 186 миңден ашты. Илдетке чалдыккандардын саны 45 миллион 348 миңден, ал эми айыккандардын саны 32 миллион 996 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан көз жумган адамдардын саны 234 миң 177ге, жуктуруп алгандардын саны болсо 9 миллион 212 миңге жетти.

Улуу Британияда Ковид-19дун себебинен каза болгон адамдардын саны 45 миң 955 деп катталды. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 965 миң 340ка жогорулады.

Италияда вирустан улам каза болгон адамдардын саны акыркы суткада 217ге көбөйүп жалпы 38 миң 122ге жетти. 26 миң 831 жаңы учур менен бирге ооруга чалдыккандардын саны 616 миң 595ти түздү.

Францияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде 250 адам каза болуп жалпы 36 миң 20 деп катталды. Вирусту жуктурган адамдардын саны 47 миң 637ге көбөйүп 1 миллион 282 миң 769га жетти.

Испанияда акыркы бир күндө Ковид-19дан 173 адам каза болуп жалпы 35 миң 639ду түздү. Ушул эле мезгилде 23 миң 580 жаңы учур катталган өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 238 миң 922ге жетти. Парламент пандемиянын күчөшүн алдын алуу максатында сол коалициялык өкмөт тарабынан 25-октябрда жарыяланган Өзгөчө кырдаалды 9-майга чейин узартты.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде 33 адам каза болгонун жана Ковид-19дун айынан 4224 жаңы учур катталганын жарыялады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 2 миң 428ге, ооруга кабылгандардын саны 132 миң 616га жетти.



Тектеш кабарлар