Катарда Түркия да катышкан машыгуу аяктады

Катар куралдуу күчтөрүнүн Түркиянын катышуусу менен өткөрүлгөн «НАСР 2020» аскердик машыгуусу аяктады

1518528
Катарда Түркия да катышкан машыгуу аяктады

Катар куралдуу күчтөрүнүн Түркиянын катышуусу менен өткөрүлгөн «НАСР 2020» аскердик машыгуусу аяктады.

Катардын коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда машыгуунун аякташы менен өткөрүлгөн аземге Катардын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Ганим  бин Шахин ел  - Ганим, Түркиянын Доха элчиси Мехмет Мустафа Гөксу жана кээ бир жогорку мартабалуу командирлер катышты.

Машыгуунун директору генерал - майор Хамед бин Ахмед ан-Наими аземде сүйлөгөн сөзүндө машыгуу куралдуу күчтөрдүн бардык бөлүктөрүнүн жана Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык аскердик күчтөрдүн тобунун катышуусу менен өткөрүлгөнүн билдирди.

Машыгуунун 30 - июнда башталганын жана бир нече баскычтан өткөнүн белгилеген Наими, Катар Куралдуу Күчтөрүнүн биргелешкен иш - чараларды күчтүү жана компетенттүү түрдө пландаштырып, ишке ашыра ала турган күчкө ээ экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар