Европа Биримдиги өлкөлөрү Ковид - 19 вакциансын таркатуу боюнча келишти

Урсула фон дер Лайен жаңы тип коронавируска каршы  иштелип чыгуучу вакциналарды бөлүштүрүү боюнча макулдашышкандарын билдирди.

1518701
Европа Биримдиги өлкөлөрү Ковид  - 19 вакциансын таркатуу боюнча келишти

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Лайен жаңы тип коронавируска каршы  иштелип чыгуучу вакциналарды бөлүштүрүү боюнча макулдашышкандарын билдирди.

Фон дер Лайен менен Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель Ковид-19 күн тартиби тууралуу  видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинин аягында маалымат жыйын өткөрүштү.

Фон дер Лайен Европада эпидемияда акыркы абалдын абдан олуттуу экендигин ; бейтаптардын ооруканаларга жаткырылышы жана өлүмдөрдүн санында олуттуу өсүү бар экендигин эске салып : "Эгерде биз шашылыш чара көрбөсөк, вирустун жайылышы биздин саламаттык системабызды бузат",- деди.

Эпидемияга каршы Европа Биримдигинин шайкештик менен иш алып барышынын маанилүүлүгүн белгилеген Фон дер Лайен : "Европа ооруну алдына алуу жана көзөмөлдөө борбору менен кенен жана туура маалыматтарды бөлүшүүбүзкерек ",-  деди. Лайен : "Европа Биримдиги Комиссиясы мүчө өлкөлөрдүн арасында ишенимдүү чек аранын ары жагындагы Ковид – 19 бейтаптарынын трансферин каржылоо үчүн 220 миллион евро булак бөлдү»,- деди.

Европа Биримдигинде жана мүчө өлкөлөрдө Ковид-19 боюнча консультация берген адистерди чогултуп, тажрыйба жана талдоо бөлүшүү үчүн платформа түзө тургандарын белгилеген Фон дер Лайен, Европа Биримдиги аймагында иштелип жаткан  антиген сыноолорунун тез арада бекитилиши тууралуу макулдашкандарын билдирди.

Фон дер Лайен Ковид - 19 вакцинасынын изилдөөлөрүнүн так жана тез арада каралып чыккандыгына  көңүл буруп, Европа Биримдиги тарабынан Ковид-19га каршы иштелип чыккан вакциналар үчүн 3 компания менен алдын ала сатып алуу келишимдеринин түзүлгөндүгүн жана 4 компания менен сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгын айтты.

Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн Ковид - 19 вакциналарын адилеттүү бөлүштүрүү боюнча бир пикирге келишкенин айткан Фон дер Лайен: "Мүчө мамлекеттер вакциналарды бир эле учурда, бирдей шартта жана Европа Биримдиги калкынын үлүшүнө жараша алышат",- деди.

Европа Кеңешинин төрагасы  Шарль Мишель : "Вакциналар даяр болгондо, биз мүчө мамлекеттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүлүшүнө кепилдик берүүгө макулдаштык". деди.

Коомдо биринчи кезекте кайсы топторго эмдөө жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө да сүйлөшүп жатышкандыгын айткан Мишель, биринчи кезекте саламаттык сактоо кызматкерлери, өнөкөт оорулары бар адамдар жана карылар сыяктуу топтор боло тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар