АКШ континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады

"Минутеман III" баллистикалык ракетасынын кечээ кечинде сыналгандыгы кабарланды.

1518695
АКШ континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аба күчтөрүнүн глобалдык чабуул командирлиги, ядролук дүрмөттөрдү алып жүрө алган континенттер аралык "Минутеман III" баллистикалык ракетасынын кечээ кечинде сыналганын жарыялады.

Командирликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Калифорниядагы Ванденберг аба базасында сыналган континенттер аралык баллистикалык ракетанын өзөктүк дүрмөттү алып жүрбөгөнү белгиленди.

Аты аталган сыноонун АКШнын ядролук күчүнүн коопсуз, натыйжалуу жана 21-кылымдын коркунучун алдын ала турган абалда экендигин көрсөттү деп айтылган билдирүүдө: «Континенттер аралык баллистикалык ракетанын атмосферага кайткан аппараты Кважейн аралына чейин 4200 чакырымга жакын аралыкты басып өттү» деп маалымдалды.

Командирлик социалдык медиа баракчасынан учуруунун көрүнүштөрүн да бөлүштү.



Тектеш кабарлар