В. Путин : "Карабах сүйлөшүүлөрүндө Түркия да орун алышы керек"

Карабахта дароо ок атышпоого чакырган Путин тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Түркия жана бир топ өлкөнүн сунуштарын карап чыгууга да чакырды.

1518227
В. Путин : "Карабах сүйлөшүүлөрүндө Түркия да орун алышы керек"

Россиянын президенти В. Путин Тоолуу Карабахтагы көйгөйдү чечүү сүйлөшүүлөрүнө Түркия жана бир топ өлкөнүн катышуусу керектигин айтты.

Карабахта дароо ок атышпоого чакырган Путин тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Түркия жана бир топ өлкөнүн сунуштарын карап чыгууга да чакырды.

Путин узун мөөнөттүү чечүүчү жолдун бир гана Армения менен Азербайжандын кызыкчылык тең салмактуулугун көзөмөлгө алынышы менен болорун белгиледи.

Путин : «Биринчи этапта аскердик кыймылдар токтотулушу керек. Сүйлөшүү столуна отуруп, Түркия жана ЕККУнун Минск группасындагы бир топ өлкөнүн катышуусу менен тең төрагалар Россия, Франция жана АКШ тарабынан даярдалган сунуштардын негизинде көз караш биримдиги жана кызыкчылык тең салмактуулугу түзүлүшү керек. Муну аткара алабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар