Францияда бычактуу кол салуу

Франциянын Ницца шаарындагы чиркөөнүн жакынында бычак менен кол салуу болуп, үч адам каза болду.

1518187
Францияда бычактуу кол салуу

Франциянын Ницца шаарындагы чиркөөнүн жакынында бычак менен кол салуу болуп, үч адам каза болду.

Француз жетекчилер Ниццадагы Нотр-Дам чиркөөсүнүн жанында бычак менен кол салуу болгонун жарыялады.

Жетекчилердин  айтымында кол салуудан 3 адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алышты.

Ницца шаарынын мэри Кристиан Эстроси өзүнүн социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө кол салган адамдын  кармалганын билдирди.

Франциянын ички иштер министри Джеральд Дарман дагы бул окуя боюнча полициянын тергөө иштери уланып жаткандыгын жарыялады.

Ошондой эле, Франциянын Антитеррордук прокуратурасынын кол салуу боюнча иликтөө башталгандыгы белгиленди.

Улуттук парламентте кол салуудан каза тапкандар үчүн бир мүнөттүк эскерүү болду.  



Тектеш кабарлар