Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 24 саатта 399га көбөйүп, 34 113 болду

1518201
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны 1 миллион 181 000ден ашты. Бейтап саны 44 миллион 916 675, айыккандардын саны 32 миллион 797 347 болду.

Индияда Ковид-19дан көз жумгандардын саны 120 563кө жетти.  Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 41 000 деп катталды.

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 24 саатта 399га көбөйүп, 34 113 болду. Өлкөдө бейтап саны 8  293 кишиге көбөйүп, 596  941ге жетти.

Россияда акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 366га көбөйүп, 27 301ге жетти. Өлкөдө ошол эле убакыттын ичинде 17 717 кишиде вирус аныкталды. Ушундайча вирус жуккан

Акыркы 24 саатта Түштүк Африка Республикасында Ковид - 19дун айынан 58 адам каза болуп, вирустун кесепетинен жалпы каза болгондордун саны  19 миң 111ге жетти. Өлкөдө бейтаптардын саны 719  714кө жетти.

Иракта Ковид -  19дан улам каза болгон адамдардын саны акыркы суткада 46 адамга көбөйүп, 10 миң 770 адамга жетти. Өлкөдө 4 миң 43 адамда вирус аныкталып бейтаптардын жалпы саны 463 миң 951 болду.

Алжирде 1941 киши каза болсо, 57 0 26 киши вирус жуктурган. Президент Абдулмежид Теббун кенен текшерүүдөн өтүү үчүн Гермианияга барды. Теббун, кээ бир президенттик жана жогорку мартабалуу өкмөт жетекчилеринде Ковид  - 19дун белгилеринин болушу боюнча 24 -  октябрда өзүн 5 күндүк карантинге алып, дарыгерлердин сунушу менен мурунку күнү борбордук аскердик ооруканага жаткырылган.

Ковид  - 19дан Индонезияда 13 612, Египетте 6 234, Мароккодо болсо 3 506 киши каз болду.

 



Тектеш кабарлар