БУУ бардык диндерге жана ишеничтерге сый көрсөтүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын Жогорку өкүлү Мигель Анхель Моратинос бардык диндерди жана ишенимдерди өз ара урматташуу, бир туугандык жана тынчтык маданиятын көтөрүүгө чакырды.

1517996

Моратинос  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мухаммедди  кемсинткен жана сатиралык мультфильмдер менен карикатуларадын жарыяланышы зыян келтирген аракеттерден терең тынчсыздангандыгын билдирди.

 Карикатулардын  диндери, ишеничтери же этникалык тектеринен улам күнөөсүз жарандарга карата кыймылдарды көңүткөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Моратинос диндерге жана ыйык диний символдорго акаарат кылуунун жек көрүү жана зомбулукту көкүтүү менен уюлдашууга жана бөлүнүгүү себеп болгонун белгиледи. Моратинос бардык диндерди жана ишенимдерди өз ара урматтоого, бир туугандык жана тынчтык маданиятын көтөрүүгө чакырды.

Сөз эркиндигин бардык диний ишенимдерди жана диний доктриналарды урматтоо менен колдонуу керектигин белгилеген Моратинос зомбулук аракеттери эч кандай динге, улутка, цивилизацияга же этностук топко байланыштуу болбошу керектигин баса белгиледи.

Тектеш кабарлар