Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Дүйнө жүзүндө коронавирус бейтап саны арбын

1517672
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 173 000ден ашты. Бейтап саны 44 миллион 352 000, айыккандардын саны 32 миллион 502 000 болду.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 120 54кө жетти. Өлкөдө вирус жугузган киши саны да 7 миллион 990  322 деп белгиленди.

29 935 киши каза болуп, 1 миллион 563 000 бейтап катталган Россияда тышкы иштер министри Сергей Лавров бир Ковид  - 19 ташуучусу менен бир жерде болгону үчүн  өзүн жеке карантинге алды. Лавровдун өзүн жакшы сезгендиги билдирилди.

Ковид  - 19дан 33 714 киши каза болуп, 588 648 бейтаптын бар экендиги билдирилген Иранда парламенттин спикери Мухаммед Бакыр Калибаф да Ковид – 19 жугузду. Калибаф соцтармактан берген билдирүүсүндө : «Кеңседегилердин бирөөсү коронавирус жуктурду. Түн жарымында менин  тестимин жыйынтыгы билдирилди жана позитив чыкты»,- деди.  Карантинге алынгандыгын билдирген парламенттин спикери Калибаф ишин улантарын айтты.

Жалпы Африка континентинде Ковид  - 19 эң көп болгон Түштүк Африкада вирустан 190 53 киши каза болду. Өлкөдө вирус жугузган киши саны 717 851ге жетти. Мамлекет башчысы Кирил Рамафоса бир коногунда вирус аныкталып карантинге кирди. Мамлекет башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Рамафосанын 24 -  октябрь ишемби күнү кабыл алган бир кишинин Ковид  - 19  тести позитив чыкты. Рамафосанын алдына алуу үчүн карантинге киргендиги белгиленген маалыматта азырынча  Ковид  - 19 белгиси болбогон Рамафосада оорунун белгилери ортого чыга турган болсо тест  жасалары маалымдалды.

Кытай улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан берилген маалыматка караганда Кытайда акыркы 24 саатта 42 жаңы учур катталды. Алардын 20сынын өлкө тышынан келгендиги аныкталды.  Өлкөдө акыркы 24 саатта Ковид  - 19дан өлүм житимдин болбогондугу, бейтап саны 85 8868ге жеткени билдирилди.  

Акыркы 24 саатта бир киши каза болгон Түштүк Кореяда ушул кезге чейин вирустан 460 киши каза болду. Өлкөдө бир күндө 103 кишиде вирус аныкталып бейтап саны 26 146га жогорулады. Вирус аныкталган 103 кишиден жетөөсү өлкө тышынан келген.



Тектеш кабарлар