БУУ Ковид-19га байланыштуу жыйындарды токтотту

БУУда 5 адамдан коронавирус (Ковид-19) табылды.

1517456
БУУ Ковид-19га байланыштуу жыйындарды токтотту

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), мүчө өлкөлөрдөн Нигердин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө 5 адамдан коронавирус (Ковид-19) табылгандан кийин Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарындагы башкы борборунда өтө турчу бардык жыйындарды токтотту.

БУУнун 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр, 193 мүчө өлкөнүн туруктуу өкүлдөрүнө жиберген катында Нигердин туруктуу өкүлчүлүгүндөгү Ковид-19 окуяларынан кийин БУУнун Башкы кеңсесиндеги бардык жыйындар ушул жумада токтотулгандыгын билдирди.

Нью-Йорктун пандемиянын чордонуна айланышынан кийин өз ишин көпкө чейин виртуалдык чөйрөдө жүргүзүп келген БУУ, жуктурган учурлардын азайышы менен кайрадан чектелген адамдар менен жолугушууларды уюштура баштаган эле.



Тектеш кабарлар