Украиналыктар жергиликтүү шайлоо үчүн добуш беришти

Үкөктөн чыккан жыйынтыктарга караганда борбор шаар Киевде 2014 -  жылдан бери бул милдетти аткарып келе жаткан «Удар» партиясынан, мурунку дүйнөлүк оор салмактагы чемпиону Виталий Кличко 47, 8 пайыз менен эң көп добуш алды.

1515968
Украиналыктар жергиликтүү шайлоо үчүн добуш беришти

Украина калкы жергиликтүү башкаруучуларын шайлоо үчүн добуш берди.

Ковид  - 19 эпидемиясына карата көрүлгөн чаралардын негизинде өткөн шайлоодо добуш берүү саат 08:00дө башталды жана 20:00дө аяктады.

Үкөктөн чыккан жыйынтыктарга караганда борбор шаар Киевде 2014 -  жылдан бери бул милдетти аткарып келе жаткан «Удар» партиясынан, мурунку дүйнөлүк оор салмактагы чемпиону Виталий Кличко 47, 8 пайыз менен эң көп добуш алды.

«Жашоо үчүн оппозиция» партиясынын өкүлү Александр Попов 8,6 пайыз менен экинчи, ал эми дагы бир актёр болгон Сергей Притула 8,3 пайыз менен эң көп добуш алып үчүнчү орунга ээ болду.

Шаар мэрдиги үчүн бир талапкер 50 пайыздан ашык добуш ала албаса  эң жогорку добуш алган эки талапкердин ортосунда экинчи тур шайлоо өткөрүлөт.

Украина Борбордук Шайлоо Комиссиясы шайлоонун расмий жый      ынтыктарын 3 – 6 -  ноябрь күндөрүнүн арасында жарыялайт.



Тектеш кабарлар