Россиянын согуштук учактары Идлибде СУА күчтөрүн атты

Аскер оппозициясынын булактарынан алынган маалыматка караганда Идлибдин батыш тарабындагы Дувлае кыштагында турган Сириянын Улуттук армиясына (СУА) караштуу Фейлаку'ш Дамаск күчтөрү абадан атылды.

1516102
Россиянын согуштук учактары Идлибде СУА күчтөрүн атты

Россиянын согуштук учактары Сириянын Идлиб шаарындагы жөнөкөй оппозициячылдардын машыгуу лагерине сокку уруп, көптөгөн аскерлер курман болушту.

Аскер оппозициясынын булактарынан алынган маалыматка караганда Идлибдин батыш тарабындагы Дувлае кыштагында турган Сириянын Улуттук армиясына (СУА) караштуу Фейлаку'ш Дамаск күчтөрү абадан атылды.

СУАнын полигонуна жасалган чабуулда көп сандаган аскер курман болду.

Маалымат булактары кол салууну ишке ашырган согуштук учактар ​​Орусияга таандык экендигин кабарлашты.

Түркия, Россия жана Ирандын ортосунда  2017-жылдын 4-5-майында Астана шаарында, Идлиб жана ага коңшулаш провинцияларда (Латакия, Хама жана Алеппо провинциялары) айрым аймактарында, Хомус провинциянын түндүгү, борбор шаар Дамаскта Чыгыш Гута менен өлкөнүн түштүк аймагына (Дераа жана Кунейтрге)  чейин жайгашкан 4 аймак «чыңалууну азайтуу зоналары» деп аталган.

Бирок режим жана Иран колдогон террористтер Орусиянын абадан колдоосу менен 4 аймактын үчөөсүн басып алып Идлибди көздөй бет алышты. Түркия, 2018- жылдын сентябрь айында Орусия менен Сочиде ок атышпоо келишимин күчөтүү үчүн кошумча макулдашууга барды.

Россия жана режим күчтөрү 2019-жылдын май айында бүткүл аймакты басып алуу боюнча операцияларды башташты жана Идлибде чыңалууну азайтуу аймагынын ичинде бир нече ири конуштарды басып алышты.

Акыры, 5-мартта Москвада Түркия менен Орусиянын ортосунда жаңы келишим түзүлдү.

Режим күчтөрү мезгил-мезгили менен бузган ок атпоо келишими негизинен корголот. 2017-2020-жылдар аралыгында режим күчтөрү жана Орусиянын кол салууларында 2 миллионго жакын жаран Түркия менен чек арага жакын аймактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.



Тектеш кабарлар