Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Россияда вирустан каза болгондордун саны 26 269га, вирус жуккан киши саны 1 миллион 531 224кө жетти.

1516195
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны 1 миллион 160 542ге жетти. Вирус жугузган бейтап саны 43  миллион 446 512ге, айыккандардын саны 31 миллион 958 755тен ашты.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 119 57 болду. Өлкөдө вирус жугузгандардын саны да 7 миллион 911 104кө жогорулады.

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 337га көбөйүп, 32 953 болду. Өлкөдө ошол эле убакыттын ичинде 5 960 жаңы учурдун катталышы менен вирус жугузгандардын саны 574 856га жогорулады. Бейтаптардын көбөйүшүнөн улам борбор шаар Тегеран, Кум, Казвин жана Эльбурс аймактарында кайрадан чектөөлөр киргизилди.

Россияда вирустан каза болгондордун саны 26 269га, вирус жуккан киши саны 1 миллион 531 224кө жетти.

Украина саламаттык сактоо министри Максим Степанов Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 24 саатта 73кө көбөйүп, 6 464кө жеткендигин, ошол эле уңбакыттын ичинде 5 426 кишиде вирустун аныкталышы менен да бейтап санынын 348 924кө жогорулагандыгын белгиледи. Карантин жылдын акырына чейин узартылган Украинада аймактардагы бейтап санына карата түрдүү чаралар көрүлүүдө.

Грузиянын премьер  - министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда өлкөдө каза болгондордун саны 14кө көбөйүп 215ке жетти. Бир күндө 1872 кишиде вирустун аныкталышы менен бейтап саны 30 344кө чыкты.

Ковид  - 19дан улам 1130 киши каза болгон Кыргызстанда саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча акыркы 24 саатта 420 кишиде Ковид  - 19  аныкталып, бейтап саны 56 170ке жогорулады.

Өзбекстан саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта акыркы 24 саатта вирустан 3 киши каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 550гө жетти. Өлкөдө  173  кишиде Ковид  - 19 аныкталып, бейтап саны 65 480 болду.



Тектеш кабарлар