АКШда Трампты колдоочулар менен ага каршы болгондордун көчөдөгү кагылышуусу...

Трамптын тарапкерлери ири Трамптын желегин илишкенден кийин, эки топтун ортосунда алгач оозеки, андан кийин физикалык кармаш башталды.

1515974
АКШда Трампты колдоочулар менен ага каршы болгондордун көчөдөгү кагылышуусу...

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ), 3-ноябрда боло турган президенттик шайлоого бир нече күн калганда, Нью-Йоркто президент Дональд Трампты колдогон топ менен Трамптын оппоненттеринин ортосунда кагылышуу болду.

Трамптын тарапкерлери Нью-Йорктун эл көп жүргөн аймактарынын бири болгон 5-Авенюдагы «Trump Tower» имаратынын алдына чогулушту жана шаарды кыдыруу үчүн бир аз чогуу жүргөндөн кийин, «Африка тектүү жашоо маанилүү» тобунун мүчөлөрү менен бетме-бет келишти.

Трамптын тарапкерлери ири Трамптын желегин илишкенден кийин, эки топтун ортосунда алгач оозеки, андан кийин физикалык кармаш башталды.

Полиция мушташка кийлигишип, эки топтон тең көптөгөн адамдарды кармады.

АКШда май айында афро-америкалык  Жорж Флойд полициянын зомбулугунун натыйжасында каза болгондон кийин бир айга созулган  нааразычылык акцияларында Трампка каршы топтор АКШнын президентинин өлкөдөгү африка тектүү адамдарга каршы мамилесине жана билдирүүлөрүнө нааразычылыгын билдиришкен.



Тектеш кабарлар