Вьетнамда нөшөрлөп жааган жамгыр 130 кишинин өмүрүн алды
Бул тууралуу Синьхуа агенттиги маалымдаган.
Вьетнамда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел каптоолордон жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 130га жетти.
Синьхуа агенттигинин жаңылыктарына ылайык, Вьетнамдын табигый кырсыктарды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча Борбордук башкаруу комитети айдын башынан бери өлкөнүн борбордук бөлүктөрүнө таасир эткен нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен сел каптоо жана жер көчкүнүн кесепетинен адамдардын өлүмү көбөйгөнүн билдирди.
Каза болгондордун саны 130га чейин көбөйгөнү, алардын көпчүлүгү Куанг Три, Тхуа Тхен-Хью жана Куанг Нам штаттарында болгону, 18 кишинин үнү угулбаганы белгиленип, издөө-куткаруу жана кырсыктан кийинки калыбына келтирүү жана эвакуация иш-аракеттеринин улантылып жаткандыгы баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Украинада карылар үйүндө өрт чыкты
Өрттөн 13 адам каза болуп, 4 адамдын жаракат алгандыгы белгиленди.