Помпео менен Байрамов Вашингтондо жолугушту

Жейхун Байрамов америкалык кесиптешине маалымат берди.

1515149
Помпео менен Байрамов Вашингтондо жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Вашингтондо жолугушуп, Тоолуу Карабахтагы окуяларды талкуулашты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Армениянын конструктивдүү эмес саясаты, карапайым азербайжандыктарга атайылап ок атуусу, чет өлкөдөн келген жалданма аскерлер менен террористтик топтордун армян тарапта салгылашуусу жана берки маселелер боюнча америкалык кесиптешине маалымат берди.

Байрамов Азербайжандын Тоолуу Карабахка карата адилеттүү мамилесинин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин төрт тиешелүү резолюциясына жана берки эл аралык уюмдардын тиешелүү документтерине негизделгенин белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Байрамов ошондой эле АКШ-Азербайжан мамилелерине байланыштуу маселелерди да талкуулашты.



Тектеш кабарлар