НАТО: «Түркия менен Греция кийинки жумага пландаштырылган машыгууларды токтотушту»

Йенс Столтенберг НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын соңунда маалымат жыйынын өткөрдү.

1515033
НАТО: «Түркия менен Греция кийинки жумага пландаштырылган машыгууларды токтотушту»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркия менен Грециянын келээрки аптада Чыгыш Жер Ортолук деңизинде өткөрө турган машыгууларын токтоткондорун билдирди.

Йенс Столтенберг НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын соңунда маалымат жыйынын өткөрдү.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кырдаал боюнча суроого жооп берген Столтенберг: «Түркия менен Греция, эки өлкөнүн тең  улуттук майрамдары белгилене турган кийинки жумага пландаштырылган машыгууларды токтотуу чечимин кабыл алышты. Мен бул чечимди кубаттайм»,- деди.

Столтенберг Түркиянын конструктивдүү жана ийкемдүү мамиле көрсөткөнүн белгилеп: «Булар кааланбаган окуялардын жана кырсыктардын алдын алуу үчүн туура багытта ташталган кадамдар. Биз да Германиянын чалгындоо сүйлөшүүлөрүнүн башталышы үчүн жүргүзүп жаткан аракеттерине кошумча салым кошобуз деп ишенем»,-деди.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, машыгууларды токтотуу чечими Түркиянын сунушу менен кабыл алынды. Түркиянын маселелердин диалог жана жакшы коңшулук байланыштарынын негизинде чечилүүсү үчүн ушул сунушту кылгандыгы билдирилди.

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги машыгуунун токтотулушуна байланыштуу: «Биздин достор бул теманын үстүнөн иштеп жатышат, алардын өз бүтүмдөрүн алдыдагы күндөрдө бүтүрүшүн күтүп жатабыз», - деди.



Тектеш кабарлар