Йеменде акыркы 3 айда 215 жаран каза болду

Бириккен Улуттар Уюму  жарандык согуш өкүм сүргөн Йеменде акыркы 3 айда 215 жарандын каза болгонун жарыялады.

1515075
Йеменде акыркы 3 айда 215 жаран каза болду

 Бириккен Улуттар Уюму  жарандык согуш өкүм сүргөн Йеменде акыркы 3 айда 215 жарандын каза болгонун жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Йемендеги кеңсесинин твиттер эсебинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөдө уланып жаткан согуштун айынан июль, август жана сентябрь айларында 215 жарандын  каза болгондугу белгиленди. Ошол  эле мезгилде көптөгөн Йемендик үй  - бүлөлөрдүн жардам алуу кыйынчылыктарына туш болгону маалымдалды.

Көптөн бери саясий туруксуздук өкүм сүрүп келген Йеменде хусилер менен мыйзамдуу башкарууга караштуу күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болууда.

Хусилер 2014 - жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлгө алып, Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр 2015 -  жылы март айынан бери хусилерге каршы  Йемен өкмөтүн  колдошууда.



Тектеш кабарлар