Япония менен Британия Эркин соода келишимине кол койду

Япониянын борбору Токиого барган Британиянын эл аралык соода министри Лиз Трусс Япониянын тышкы иштер министри Мотеги Ташимицу менен жолугушту.

1515151
Япония менен Британия Эркин соода келишимине кол койду

 Япония менен Британия Эркин соода келишимине кол коюшту.

Япониянын борбору Токиого барган Британиянын эл аралык соода министри Лиз Трусс Япониянын тышкы иштер министри Мотеги Ташимицу менен жолугушту.

Жолугушууда сентябрь айында макулдашуу түзүлгөн жана 1 -  январдан тарта ишке кире турган Эркин соода келишимине кол коюлду.

Трусс өткөрүлгөн биргелешкен пресс-конференцияда : «(Келишим) Британ иш дүйнөсүнө Тынч океан каалгаларын ачууда жана Транс Тынч океан өнөктөштүгүнө кирүү пайдубалын түптөөдө»,- деди.

Мотеги да : «Япония Британиянын ЖЭБге карата кызыгуусун жылуу кабыл алууда жана бул тууралуу керектүү колдоону берүүнү улантат»,- деди.

Эркин соода келишими келерки жылдын башында жергиликтүү процедуралардан кийин күчүнө кирет.

Келишим тууралуу июнь айында биринчи сүйлөшүү өткөрүлүп, август айында такталган келишим боюнча сентябрь айында өткөрүлгөн видеоконференцияда меморандум түзүлгөн.

Эркин соода келишими 2021 -  жылдын башында Европа Биримдигинен  чыгуу процессин акырына чыгара турган Британиянын биринчи соода келишими катары катталды.

 



Тектеш кабарлар