ДСУ : "Ковид - 19 вакцина сыноолорунун жыйынтыгы ноябрь айынын акырына алынышы мүмкүн"

Гебрейесус өлкө лидерлерин дагы көп керексиз өлүмдөрдү, негизги саламаттык сактоо тейлөөлөрүнүн жок болушун жана мектептердин кайрадан жабылышын алдына алуу үчүн дароо аракетке өтүүгө чакырды.

1515147
ДСУ : "Ковид  - 19 вакцина сыноолорунун жыйынтыгы ноябрь айынын акырына алынышы мүмкүн"

ДСУ жаңы тип коронавирус үчүн жалпы дүйнөдө Фаз 3 сыноосу улантылып жаткан 10 вакцина талапкеринен бир же экөөсүнүн жыйынтыгынын ноябрь айынан тарта алына баштай тургандыгын билдирди.

ДСУнун башкы директору Др. Тедрос Адханом Гебрейесус, уюмдун Швейцариянын Женева шаарындагы штаб - квартирасында видео конференция аркылуу өткөргөн пресс  - жыйынында : «Бул пандемияда өзгөчө Түндүк жарым шардагы орчундуу бир бурулуш жериндебиз. Алдыбыздагы бир канча ай кыйын өтөт жана кээ бир өлкөлөр коркунучтуу бир багытта бара жатат»,- деп эскертти.

Гебрейесус өлкө лидерлерин дагы көп керексиз өлүмдөрдүн, негизги саламаттык сактоо тейлөөлөрүнүн жок болушун жана мектептердин кайрадан жабылышын алдына алуу үчүн дароо аракетке өтүүгө чакырды.

Вакцина эмгектери тууралуу бир суроого жооп берген ДСУнун илимий делегациясынын башкы адиси доктор Сумья Сваминатан болсо : «Жүргүзүлүп жаткан вакцинациялык изилдөөлөргө көз жүгүртсөк, үмүтүбүз - жылдын аягына чейин, балким ноябрь айынын акырынан тарта бир же эки вакцина сынагынан жыйынтык чыгаруубуз»,- деди.  

Сваминатан вакциналарды шашылыш түрдө колдонуу күн тартибине келе турган болсо ДСУнун бул тууралуу “минималдуу критерияларынын” бар экендигин белгиледи.

Азыр да жалпы дүйнөдө 10 вакцинанын Фаз  3  сыноолорунун улантылып жаткандыгын белгилеген Сваминатан вакциналардын ийгиликтүү болушуна байланыштуу күтүүлөрдүн «тең салмактуу» экендигин баса белгиледи.   



Тектеш кабарлар