Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Ооруга чалдыккандардын санынын өсүшү экинчи толкундун өзгөчө Европада күч алып жаткандыгын айгинелейт.

1515012
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун себебинен көз жумган адамдардын саны 1 миллион 149 миң 835тен ашты. Ооруга чалдыккандардын санынын өсүшү экинчи толкундун өзгөчө Европада күч алып жаткандыгын айгинелейт. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 42 миллион 530 миң 330дан ашты. Айыгып кеткендердин саны болсо 31 миллион 450 миң 225ке жетти.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 229 миң 292, ал эми жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 747 миң 864 деп катталды. 3-ноябрда АКШ президенттиги үчүн ат салыша турган демократиялык талапкер Жо Байден шайланып калса Ковид-19 вакцинасынын бекер таратылаарын убада кылды.

Бразилияда акыркы бир күндө 571 кишинин өлүмү менен вирустун айынан каза болгондордун саны 156 миң 471ге, ал эми 30 миң 26 жаңы учурдун аныкталуусу менен жуктургандардын саны 5 миллион 353 миң 656га жетти.

Аргентинада акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 382 көз жумуп вируска байланыштуу өлүмдөрдүн саны 28 миң 338ге, жуктургандардын саны болсо 15 миң 718 жаңы учур менен бирге жалпы 1 миллион 69 миң 368ге жогорулады.

Мексикада акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дун себебинен 418 адам каза болуп, 6 миң 604 жаңы учур аныкталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 88 миң 312ге, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 880 миң 775ке жетти.

Колумбияда акыркы 24 саатта Ковид-19дун айынан 166 адам каза болуп жалпы 29 миң 802ни түздү. Ушул эле мезгилде 7 миң 940 учур аныкталган өлкөдө, ооруга кабылгандардын саны 998 миң 942ге жетти.

Италияда пандемиядан улам көз жумган адамдардын саны 37 миң 59га жетти. Өлкөдө ушул кезге чейин 484 миң 869 адам вирус жуктурду. Кампания аймагында бүгүн кечинде башталган коменданттык саатка борбор шаар Неаполдо жүздөгөн адамдар катышкан демонстрация менен каршылык көрсөтүлдү. Шаардын борборунда райондук администрациянын Ковид-19 пандемиясына каршы чараларына жана коменданттык саатка нааразы болгон топ, коопсуздук күчтөрүнө үн чыгаруучу каражаттарды, шамдарды жана салют ыргыткандары, полициянын болсо көздөн жаш чыгаруучу газ менен кийлигишкени белгиленди. Шаардын борборундагы бир катар жерлерде көчө кагылышуулары болуп, жаракат алгандардын катталгандыгы айтылууда.



Тектеш кабарлар