Египетте 10 күндө 49 өлүм жазасы аткарылды

Жо Строк : «Египеттин бир канча күндүн ичинде көп сандаган кишини массалык жок кылышы абдан жаман иш»,- деди.

1514850
Египетте 10 күндө 49 өлүм жазасы аткарылды

Египетте 10 күндө 49 кылмышкердин өлүм жазасынын аткарылгандыгы отчет берилди.

Адам укуктарын иликтөө уюму тарабынан жарыяланган бир отчетто Египеттин октябрь айында 10 күндүн ичинде 49 кылмышкердин өлүм жазасын аткаргандыгы жарыяланды.

Уюм берген маалыматында 3 – 13 – октябрь күндөрүнүн арасында 49 кылмышкердин өлүм жазасынын аткарылышын өкмөт жактоочусу гезиттердеги кабарлардан алгандыгын билдирип, өлүм жазасына тартылган кылмышкерлердин үй  - бүлөлөрүнө маалымат берилбегендгине көңүлдөрдү бурду.

Адам укуктарын иликтөө уюму Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка бөлүгүнүн директор орун басары Жо Строк : «Египеттин бир канча күндүн ичинде көп сандаган кишини массалык жок кылышы абдан жаман иш»,- деди. Строк берген маалыматында : «Египетте  өзгөчө саясий доолордо системалуу соттун болбошу, ар бир өлүм жазасынын, жашоо укугунун бузулушуна алып келүүдө. Египет өкмөтү саясий ойлорго сый көрсөтпөй жатат»,- деди.

Адам укуктарын изилдөө уюмунун отчетунда Египеттин козголоңчу президенти Абдулфеттах ес  - Сисинин 2014 -  жылы шайланышынан бери Египеттин дүйнөдө өлүм жазасын берген биринчи 10 өлкөнүн бири болгонуна көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар