Пашинян: «Дипломатиялык чечим болбойт»

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Фейсбукта билдирүү жасап армяндарды фронтко чакырды.

1513569
Пашинян: «Дипломатиялык чечим болбойт»

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өз жарандарын «фронтто салгылашууга» чакырып, Тоолуу Карабах көйгөйүн ушул этапта дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн эмес деп билдирди.

Никол Пашинян Фейсбукта билдирүү жасап, Армениянын Тоолуу Карабахтагы кол салууларынан кийин башталган жана Азербайжан армиясы көптөгөн калктуу конуштарды оккупациядан бошоткондугу жөнүндө жараянга сереп салды.

Тоолуу Карабах маселесинин азыркы этапта дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн эмес деп айткан Пашинян:«Биз узак убакыт бою дипломатиялык чечим болбой тургандыгын түшүнүшүбүз керек»,-деди.

Армения армиясындагы оор жоготууларга байланыштуу «элди фронтко чакырган» Пашинян: «Дипломатиялык чечимге келгенге чейин, бардык жарандар колуна курал көтөрүп күрөшүшү керек. Тоолуу Карабахтагы бардык ишкерлер жана студенттер Тоолуу Карабахка кайтып келип, армия кызматына өтүшү керек»,-деген сөздөрдү колдонгон.

Азербайжан армиясы басып алынган жерлерди сактап калуу максатында 27-сентябрда башталган операцияларда 3 шаарды жана 100дөн ашуун калктуу конушту бошотту.



Тектеш кабарлар