Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Ооруга чалдыккандардын санынын өсүшү экинчи толкундун өзгөчө Европада күчөгөндүгүн айгинелейт.

1513187
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
Arnavutluk_korona_maske kullanımı_4.jpg
koronavirüs ispanya.jpg
avrupa koronavirus.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 130 миң 235тен ашты. Ооруга чалдыккандардын санынын өсүшү экинчи толкундун өзгөчө Европада күчөгөндүгүн айгинелейт. Вирус жуккандардын саны 41 миллион 76 миң 645, ал эми айыгып кеткендердин саны 30 миллион 650 миң 440 деп катталды.

Пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгондордун саны 226 миң 169га жетти. Өлкөдө вируска кабылгандардын саны 8 миллион 520 миң 822ни түздү.

Испанияда акыркы 3 күндө Ковид-19дан 218 адам каза болуп жалпы 34 миң 210го жетти. Ушул эле мезгилде 17 миң 873 жаңы учур катталган өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 988 миң 322ге жетти.

Францияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде 262 адам каза болуп жалпы 33 миң 885ке жогорулады. Вирус жуктурган адамдардын саны 20 миң 468ге көбөйүп 930 миң 745ке жетти.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада 15 адамдын каза болгонун жана Ковид-19дан улам 876 жаңы учур катталганын жарыялады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 2 миң 213кө, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 103 миң 736га жетти.

Акыркы 24 сааттын ичинде дагы 8 адам каза болгон Грецияда пандемиядан көз жумгандардын саны 528 болду. Өлкөдө 667 жаңы учур катталып, жуктуруп алгандардын жалпы саны 26 миң 469га жетти.

Ушул кезге чейин Ковид-19дан 1211 өлүм катталган Венгрияда, илдетке чалдыккандардын саны 48 миң 757ни түздү. Ковид-19 аныкталган ютиция министри Жудит Варга үйүндө карантинге алынды.

Айрым берки өлкөлөрдө Ковид-19дун айынан каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Бразилия (154 миң 888), Мексика (86 миң 893), Англия (43 миң 967), Италия (36 миң 705), Перу (33 миң 875), Колумбия (29 миң 272), Аргентина (27 миң 100), Чили (13 миң 702), Эквадор (12 миң 404), Бельгия (10 миң 489).



Тектеш кабарлар