Евробиримдик Ковид-19 вакцинасы үчүн жаңы келишимге кол койду

«Жонсон жана Жонсон» компаниясынын вакцина изилдөөлөрүндө Фаза-3 баскычында экени айтылды.

1513324
Евробиримдик Ковид-19 вакцинасы үчүн жаңы келишимге кол койду

Европа Биримдиги (ЕБ) дары өндүрүүчү «Жонсон жана Жонсон» компаниясы менен вакцина сатып алуу боюнча келишимге кол койду.

ЕБ Комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, комиссия бул келишимдин негизинде ЕБ өлкөлөрүнүн атынан 400 миллион дозага чейин вакцина сатып ала алат.

«Жонсон жана Жонсон» компаниясынын вакцина изилдөөлөрүндө Фаза-3 баскычында экени айтылды.

Евробиримдик буга чейин AstraZeneca жана Sanofi-GSK фармацевтикалык компаниялары менен вакциналарды сатып алуу боюнча келишимдерди түзүп, ошондой эле CureVac, BioNTech-Pfizer жана Moderna компаниялары менен вакцина сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болгонун жарыялаган эле.



Тектеш кабарлар