ДСУ «кыш оор болот» деп эскертти

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) Башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, ДСУнун башкы кеңсесинде видео конференция ыкмасы менен маалымат жыйын өткөрдү.

1512829
ДСУ «кыш оор болот» деп эскертти

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) Башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус: «Биз кыш келгенде, бир нече ай катуу болоорун билебиз»,- деди.

Гебреисус, Швейцариянын Женева шаарындагы ДСУнун башкы кеңсесинде видео конференция ыкмасы менен өткөрүлгөн маалымат жыйынында, эпидемиянын  «үрөй учурган этапка өткөнүн» белгилеп, «Түндүк жарым шар кышка киргенде, айрыкча Европа жана Түндүк Америкада оорулардын тездик менен көбөйүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Кыш келгенде бир нече ай кыйын болоорун билебиз»,-деп айтты.

Көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери вирустун жайылышын акырындатуу жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерин жана саламаттык сактоо тутумдарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга ыраазы экендигин билдирген Гебреисус: «Медайымдар жана дарыгерлер эпидемиянын алгачкы күндөрүнө караганда вирус жуккан бейтаптарга кандайча кам көрүүнү жакшы билишет. Бирок оорукананын мүмкүнчүлүгүнөн ашып кетсе, бейтаптар үчүн да, саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн да өтө оор жана кооптуу абал жаралат. Ушул себептен бардык өкмөттөрдүн оорунун жугуу чынжырын үзүүгө жана адам өмүрүн сактоого жана жашоо тиричилигин сактап калууга жардам берүүчү негизги принциптерге көңүл буруу маанилүү».

ДСУнун Башкы директору активдүү учурларды аныктоо, вирус кеңири тараган региондордо кластердик изилдөө, бардык учурларды изоляциялоо, байланыштарды карантинге алуу, жакшы клиникалык жардам көрсөтүү, саламаттыкты сактоо кызматкерлерин колдоо жана коргоо жөнүндө сөз болуп жаткан негизги принциптер экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар