Россия АКШ менен өзөктүк согуштук дүрмөттөрүн тоңдурууга даяр

Россия Жаңы Стратегиялык Куралдарды Кыскартуу Келишиминин (СТАРТ) узартылышынын алкагында өзөктүк дүрмөттөрдү тоңдурууга даяр экендигин жарыялады.

1512670
Россия АКШ менен өзөктүк согуштук дүрмөттөрүн тоңдурууга даяр

Россия Жаңы Стратегиялык Куралдарды Кыскартуу Келишиминин (СТАРТ) узартылышынын алкагында өзөктүк дүрмөттөрдү тоңдурууга даяр экендигин жарыялады.

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Жаңы СТАРТ келишиминин узартылышы тууралуу 16 -  октябрда АКШга нота жиберилгендиги белгиленди.

Россиянын президенти В. Путиндин АКШ менен түзгөн Жаңы СТАРТ келишиминин бир жылга узартылышы сунуш кылынганы эске салынган маалыматта : «Россия бул убакытта АКШ менен бирге ээ болгон өзөктүк дүрмөттөрүнүн тоңдурулушу тууралуу саясий жоопкерчиликти алууга даяр. Эгерде  АКШ кошумча шарттарды койбосо ишке ашышы мүмкүн»,- деп билдирилди.

Маалыматта АКШнын нотага азырынча расмий түдө жооп бербегендиги белгиленди.

АКШнын тышкы иштер министри Майк Помпео Жаңы СТАРТ келишиминин узартылышына даяр экендерин 14 -  октябрда белгилеген.

Путин болсо 16 -  октябрда бул келишимдин бир жылга шартсыз узартылышын сунуш кылган. 2011 -  жылы 5 -  февралда ишке кирген 10 жылдык келишимдин мөөнөтү 2021 -  жылы февраль айында акырына чыгат. Келишим узун аралыктуу өзөктүк курал дүрмөттөрүнө жана ракеталарына чектөө алып келүүдө.



Тектеш кабарлар