Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Ковид - 19дан каза болгондордун саны арбын.

1512358
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны  1 миллион 124 485тен ашты. Бейтап саны 40 миллион 747 425тен, айыккандардын саны 30 миллион 410 455тен жогорулады.

Индияда коронавирустан каза болгондордун саны   115 296га жетти. Өлкөдөгү бейтап саны  7 миллион 606 414 болуп катталды.

Эпидемиядан улам Россияда  каза болгондордун саны 24 635 кишиге жетип, бейтап саны 1 миллион 431 635ке жетти. 

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 310 34кө чыкты. Өлкөдө бейтап саны 539 670ке жогорулады. 

Иракта Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 10 366га жогорулады. Өлкөдө 3 920 жаңы учурдун катталышы менен вирус жуктурган киши саны 434 598ге чыкты. 

Түштүк Африка Республикасында 21 кишинин дагы коронавирустан каза болушу менен каза болгондордун саны 18 492ге жетти. Өлкөдө бейтап саны 705 254кө чыкты. Түштүк Африка Республикасы Африка материгинде Ковид  - 19 эң көп болгон өлкө.

Тунисте ушул кезге чейин коронавирустан 687 кишинин каза болгондугу, 42 727 кишинин вирус жуктурганы билдирилди. Кайраван аймагында эпидемия менен күрөшүүнүн негизинде жарым  - жартылай карантин киргизилет. Бүгүндөн тарта аймакка караштуу эки шаарда жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 менен 05:00 арасында команданттык саат киргизилет жана 15 күнгө созулат.

Индонезияда болсо коронавирустан 12 617, Иракта 10 317, Пакистанда да 6 659 киши каза болду.



Тектеш кабарлар