Пакистанда жер көчкүдөн 16 адам каза тапты
Пакистанда муссондон кийин тоолуу жана катаал аймактардагы сел каптоолордон улам жер көчкүлөр көп кездешет.
1511260
Пакистандын Гилгит-Балтистан аймагында жүрүп бараткан кичи автобус жер көчкүнүн айынан жерге көмүлүп, анда 16 адам каза тапты.
Пакистандын басма сөзүндө жарыяланган маалыматтарга караганда, Равалпинди-Скарду каттамындагы кичи автобус тоолуу жолдо көчкөн жердин астында калган.
Гилгит-Балтистанга караштуу Ронду полиция бөлүмүнөн комиссардын орун басары Мираж Алам, 16 адам каза болгондугун билдирди.
Алам, издөө-куткаруу иштери аяктагандыгын белгиледи.
Пакистанда муссондон кийин тоолуу жана катаал аймактардагы сел каптоолордон улам жер көчкүлөр көп кездешет.