Нигерияда болгон сел апааты

Нигерияда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен болгон суу ташкынында каза болгондордун саны 185ке жетти.

1510827
Нигерияда болгон сел апааты

Нигерияда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен болгон суу ташкынында каза болгондордун саны 185ке жетти.

Нигериянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттигинин SEMA Каноедеги башкы катчысы Салех Джили журналисттерге штатта тынымсыз жаап жаткан нөшөрлүү жамгырдан улам 54 адам каза болгонун билдирди.

Селдин кесепетинен 30 миң 356 кишинин жер которгонун айткан Жили, 9127 гектар айдоо аянттары суу астында калгандыгын белгиледи.

Джили өкмөттүн тургундарга гуманитардык жардам жөнөтүү ишин баштаганын билдирди.

Август айынан бери өлкө боюнча суу ташкынынан каза болгондордун саны  185ке жетти.

Нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан суу ташкынынан улам миңдеген адамдар үй - жайсыз калышты жана он миңдеген гектар айдоо жерлерин суу каптады.

Батыш Африкада июнь айынан тарта башталган жамгыр сентябрга чейин уланат. Быйыл суу ташкыны аймактагы Буркина-Фасо, Нигер жана Сенегал сыяктуу өлкөлөрдө да болду.

 

 



Тектеш кабарлар