Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылышы токтой элек.

1510754
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 109 миң 250гө жетти. Вирус жуккандардын саны болсо 39 миллион 593 миң 890дон, ал эми айыгып кеткендердин саны 29 миллион 661 миң 125тен ашты.

Пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) вирустан каза болгондордун саны 223 миң 644 адамды түздү. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 288 миң 278 деп катталды.

Борбордук Америка өлкөлөрүнүн бири Гватемалада акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам көз жумгандардын саны 25ке көбөйүп жалпы 3 миң 478ге, жуктургандардын саны болсо 666га көбөйүп 100 миң 431ге жетти.

Гондураста дагы 19 адамдын өлүмү менен пандемиянын кесепетинен каза тапкандардын саны 2 миң 552ге, ооруга кабылгандардын саны болсо 631ге көбөйүп 86 миң 89га жогорулады.

Панамада вирустан дагы 17 адам каза болуп жалпы 2 миң 546га, илдетке чалдыккандардын саны болсо 615ке көбөйүп 123 миң 498ге жетти.

Акыркы 24 саатта адам өлүмү катталбаган Австралиянын Виктория аймагында 1, Жаңы Түштүк Уэльсте (NSW) 7 кишиге Ковид-19 диагнозу коюлду. Өлкөдө ушул кезге чейин 904 адам вирустан көз жумду.



Тектеш кабарлар