Италиянын премьер министри : "Түркия менен диалогго муктаждык бар"

Италиянын премьер  - министри Жузеппе Конте  Түркия менен диалогго муктаждык бар экендигин айтты.

1510768
Италиянын премьер министри : "Түркия менен диалогго муктаждык бар"

Италиянын премьер  - министри Жузеппе Конте  Түркия менен диалогго муктаждык бар экендигин айтты.

Жузеппе Конте Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинен кайтышында Генуя шаарында Италиянын геополитика журналы  «Лиместин» паннелине катышып башкы директор Лючио Караччолонун күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди.

Түркиянын аймагындагы стратегиялык маанисине басым жасаган Конте : «Түркиянын бир гана Жер Ортолук деңизиниде эле эмес, Жакынкы Чыгышта да, Ливияда, Сирияда жана көптөгөн жерде ролу бар. Энергетика, миграция, коопсуздук темаларында ролу бар. Түркия менен сүйлөшүүгө, Түркия менен диалог курууга муктаждык бар. Күн  тартибин оң түзүү керек. Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда мунун болушу үчүн иштөө керек. Чечкиндүү болуу мүмкүн бирок оң күн тарип беренеси болушу керек»,- деди.

Франциянын президенти Еммануэль Макрондун өткөн жылы ноябрь айында айткан : «НАТОнун мээ өлүмү болду»,- деген сөздөрүнө кошулуп же кошулбагандыгы тууралуу суроого : «Бул тууралуу башка көз караштардабыз. НАТОнун мээ өлүмү болгону тууралуу ойго кошулбаймын»,- деп жооп берди Конте.



Тектеш кабарлар