Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин 2 - күнкү сессиясы башталды

Экинчи күнкү сессия тышкы карым – катнаштар күн тартиби менен башталды.

1510281
Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин 2 -  күнкү сессиясы башталды

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин жолугуштурган Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин экинчи күнкү сессиясы тышкы карым – катнаштар күн тартиби менен башталды.

Европа Биримдиги лидерлери расмий күн тартиби боюнча Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жыйындын экинчи күнүндө Европа Биримдиги  -  Африка карым  - катнаштарын карайт. Тоолуу Карабах, Белорусия, Россия менен карым  - катнаштар жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдын да күн тартибине келиши күтүлүүдө.

Европа Биримдиги лидерлери биринчи күнкү сүйлөшүүлөрүндө Брекситтен кийин Европа Биримдиги  -  Британия карым  - катнаштарынын келечеги, экология жана климаттык алмашуу менен жаңы тип коронавирус эпидемиясына карата көрүлгөн чаралар каралган.

Лидерлер 2030 - жылга чейин климаттын алмашуусуна каршы туруу үчүн парник газдарынын бөлүнүшүн 55 пайызга кыскартуу боюнча максаттарын кайрадан талкуулоону чечишти. Айрым өлкөлөр мындай максатка жетүү кымбатка турат деген жүйө менен тезинен чечим кабыл алууну каалабагандай көрүнүүдө жана Европа Биримдигинен колдоо күтүүдө.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар