АКШ-Израиль машыгуусу
"Enduring Lightening III" машыгуусу аяктады.
1509465
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук күчтөр командачылыгы (CENTCOM) Американын F-35 учактарынын Израилдин F-35 учактары менен Израилдин аба мейкиндигинде биргелешкен машыгуу өткөргөнүн билдирди.
CENTCOM Аба күчтөрүнүн (AFCENT) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШ-Израиль аба күчтөрү тарабынан быйыл үчүнчү жолу өткөрүлгөн жана F-35 учактары катышкан "Enduring Lightening III" машыгуусу аяктаганы кабарланды.
Билдирүүдө, танкер жана радардык учактар менен бирге F-16 учактарынын машыгууда душмандардын учактарынын ролунда катышкандыгы айтылды.
Израилдин инвентарында 16 даана F-35 учагы бар.