ТАП Европага жаратылыш газ берүүгө даяр

Азербайжандын Шах деңиз  - 2  аянтындагы жаратылыш газды Европага ташый турган Транс Адриатика жаратылыш газ түтүк жолунун  (ТАП) курулушу  4 жарым жылда бүткөрүлдү.

1508026
ТАП Европага жаратылыш газ берүүгө даяр

Азербайжандын Шах деңиз  - 2  аянтындагы жаратылыш газды Европага ташый турган Транс Адриатика жаратылыш газ түтүк жолунун  (ТАП) курулушу  4 жарым жылда бүткөрүлдү.

ТАПтан берилген маалыматка караганда Түркия  менен Грециянын чек арасынан Италиянын түштүгүндөгү газ терминалына  чейин газ берилген куурда ТАП кыска убакытта соода иштерин баштайт.

Азербайжандын Шах деңиз – 2  аянтынан чыгарылган газды Европага ташый турган ТАП Түркия  менен Грециянын чек арасында Транс Анадолу жаратылыш газ кууру менен байланыштырылган.

Түштүк газ коридорунун Европа бөлүгүн түзгөн ТАП Греция, Албания жана Адриатика деңизинен өтүп Италияга жылда 10 миллиард мет куб газ ташыйт.

ТАПтын 20 пайыздык акциясын BP, SOCAR жана Snam көзөмөлгө алып, долбоордо Fluxys 19  пайыз, Enagas 16 пайыз жана Axpo да 5 пайыздык акцияга ээ болууда.



Тектеш кабарлар