ДСУ : "Ковид - 19 вакцинасы декабрь айынан тарта бекитүүгө даяр болушу мүмкүн"

Сумья Сваминатан Ковид - 19 вакцинасы декабрь айында же 2021 - жылдын башында регуляторлордун бекитүүсүнө жибериле тургандыгын билдирди.

1508135
ДСУ : "Ковид  - 19 вакцинасы декабрь айынан тарта бекитүүгө даяр болушу мүмкүн"

ДСУнун илимий кеңешинин жыйынында кеңештин башкы эксперти, доктор Сумья Сваминатан жана ДСУнун башкы директорунун орун басары доктор Мариангела Симао, Түркия, Америка Кошмо Штаттары, Россия, Кытай жана Британиядагы Ковид - 19 вакцина эмгектериндеги акыркы абалга байланыштуу баа берди.

Дүйнөдө вакцинациялык изилдөөлөрдү кылдаттык менен жүргүзүп жатышкандыгын белгилеген Сваминатан : «Дүйнө жүзүндө болуп жаткан клиникалык сыноолордогу прогрессти көрүү чындыгында кубандырат. Белгилүү болгондой, учурда бизде клиникалык сыноолордун айрым баскычтарында болжол менен 40 вакцина талапкерлери бар жана алардын ону ФАЗА - 3  сыноолорунун акыркы баскычында. Булар (акыркы баскычтагы вакциналар) бизге вакциналардын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу жөнүндө маалымдайт», - деди.

Сваминатан Ковид - 19 вакцинасы декабрь айында же 2021 - жылдын башында регуляторлордун бекитүүсүнө жибериле тургандыгын билдирди.

ДСУнун башкы директорунун орун басары жана дары - дармек жана ден - соолукту чыңдоо кызматкери Симао болсо ДСУнун Ковид-19 вакцинасы боюнча улуттук көзөмөлдөөчү органдар менен тыгыз иштешип жатканын белгилеп, ФАЗ - 3 сыноолору аяктагандан кийин кеңири эмдөө үчүн көптөгөн кадамдын ташталышы керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар