Азербайжан армиясы Армениянын кол салууларынын алдын алды
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө армян күчтөрүнүн ажыраган позицияларын кайрадан ээлөө үчүн түнкүсүн Агдере, Агдам, Физули жана Хадрут багыттарында чакан топтор менен кол салганы маалымдалды.
Азербайжан армиясы түн ичинде армян армиясынын ок атууну токтотууга карабастан кол салууларынын алдын алды.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө армян күчтөрүнүн ажыраган позицияларын кайрадан ээлөө үчүн түнкүсүн Агдере, Агдам, Физули жана Хадрут багыттарында чакан топтор менен кол салганы маалымдалды.
Билдирүүдө Азербайжан армиясынын кол салууларга бөгөт койгондугу, Армения армиясына таандык 3 Град ракеталык системасы, 1 Тор-М2КМ зениттик тутуму, 1 ZSU-23-4 Shilka өзү жүрүүчү зениттик учак аткыч, 2 БМП-2 брондолгон жөө аскер унаасы, 3 Giatsint B гаубицасы, 1 KS-19 зениттик замбирек, 1 Д-20 пушкасы, 3 учкучсуз учуучу аппарат жана бир нече жеке унаа талкаланганын, көп сандаган аскерлер зыянсыздандырылганы белгиленди.
Билдирүүдө ошондой эле Армения армиясынын 5-аткычтар полкунун алдыңкы саптагы кызматкерлери зыянсыздандырылып, 1-мотоаткычтар полкунун ротасы буктурмага кабылып, кыймылдап жаткан унаалары жок кылынганы айтылган.
Билдирүүдө, Аскеран багытында бараткан 4-мотоаткычтар полкунун унааларынан турган конвойго да сокку урулгандыгы жана Армениянын Сисиан аймагынан оккупацияланган Азербайжан аймактарына көчүп барган ыктыярдуу топ Азербайжан армиясы тарабынан зыянсыздандырылганы баса белгиленди.
Билдирүүдө, каршылык көрсөткөн армян күчтөрүнүн арасында массалык качуулар байкалганы жана гуманитардык ок атышпоо режимине баш ийген Азербайжан армиясынын бардык фронтто артыкчылыктуу абалда экендиги белгиленди.
Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө, Армения армиясы Азербайжандын Агдам, Тертер, Агжебеди жана Горанбой облустарына ок чыгарганы кабарланган.
Армения менен Азербайжан, Москвада өткөн жолугушууларда Тоолуу Карабахта сөөктөрдү жана туткундарды алмашуу үчүн 10-октябрь, ишемби күнү, саат 12: 00дөн баштап ок атышууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алышкан.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.