2000-2019-жылдардын аралыгында 7 миң 348 табигый кырсык катталды

Бириккен Улуттар Уюму "Кырсыктардын коркунучун азайтуунун Эл аралык күнүнө" карата отчет жарыялады.

1507816
2000-2019-жылдардын аралыгында 7 миң 348 табигый кырсык катталды

2000-2019-жылдардын аралыгында 7 миң 348 чоң апааттан 1,23 миллион адам каза болду.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан "Кырсыктардын коркунучун азайтуунун Эл аралык күнүнө" карата жарыяланган отчетко караганда, 2000-2019-жылдардын аралыгында 7 миң 348 чоң апаат катталды.

Отчетко караганда, өзгөчө аба ырайынын жана табигый кырсыктардын кесепетинен 1,23 миллион адам каза болуп, 4,2 миллиард адам жапа чекти жана глобалдык экономикада 3 триллион долларга жакын жоготуу болду.

Ошондой эле акыркы 20 жылда ири масштабдуу селдер эки эсе өсүп, бороон-чапкын, кургакчылык, токой өрттөрү, аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрү, жер титирөөлөр жана цунами да көбөйдү.

Отчетто 3 миң окуя менен эң көп табигый кырсыктар катталган Азия, андан кийин 1 миң 756 менен Америка жана 1 миң 192 кырсык менен Африканын тургандыгы белгиленди.

Табигый кырсыктан жапа чеккен өлкөлөрдүн катарына Кытай, Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Индия, Филиппин жана Индонезия кирди.

Инди океанында 2004-жылдагы цунамиден улам 226 миң 400 адам көз жумуп, Гаитиде 2010-жылы болгон 7 баллдык жер титирөө болсо 222 миң адамдын өмүрүн алган.



Тектеш кабарлар