Европа Биримдиги Тоолуу Карабахта ок атышпоого баш ийүүгө чакырды

«Тараптарды ок атышпоого баш ийиүүгө чакырамын»,- деген Мишель күч колдонууда жана жарандарды коркунучка салуудан алыс болуу керектигин белгиледи.

1507064
Европа Биримдиги Тоолуу Карабахта ок атышпоого баш ийүүгө чакырды

 Европа Биримдиги Тоолуу Карабахта Армения менен Азербайжанды ок атышпоого баш ийүүгө чакырды.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель соцтармактан берген маалыматында Азербайжан менен Армениянын ортосунда түзүлгөн адамзаттык ок атышпоонун чыңалууну төмөндөтүү үчүн  маанилүү кадам экендигин баса белгиледи.

«Тараптарды ок атышпоого баш ийүүгө чакырамын»,- деген Мишель күч колдонууда жана жарандарды коркунучка салуудан алыс болуу керектигин белгиледи. Мишель тараптардын ортосунда алдыңкы шартсыз сүйлөшүүлөрдү убакыт жоготпостон баштоосу керектигин айтты.

Армения жана Азербайжан Россиянын борбор шаары Москвада болгон сүйлөшүүлөрдө 10 -  октябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дөн тарта жарактуу боло турган Тоолуу Карабахтагы жаназалар менен туткундардын алмаштырылышын күткөн адамзаттык максаттагы ок атышпоо чечимин чыгарган.



Тектеш кабарлар