Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Ковид - 19 таасирдүүлүгүн улантууда.

1507546
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 82 000ден ашты. Бейтап саны 37  миллион 806  000ден, айыккандардын саны 28 миллион 384 000ден жогорулады.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 109 209га жогорулады. Өлкөдөгү бейтап саны 7 миллион 122 862ге жетти.

Иранда Ковид  - 19дан акыркы 24 саатта 272  киши каза болду. Бул күнүмдүк эң жогорку сан менен жалпы каза болгондордун саны 28 816 болду. Өлкөдө ушул кезге чейин вирус жуккан киши саны да 504 281.

Россияда вирустан улам 22 722 киши каза болдуп, өлкөдө бейтап саны 1 миллион 312 000ге жогорулады.

Иракта Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны 9 852ге жогорулады. Өлкөдөгү бейтап саны 402 330га жетти.

Эпидемиядан улам 6 580 киши каза болгон Пакистанда вирус жуккан киши саны 319 317.

Израилде 1983 киши Ковид  - 19дан каза болду. Өлкөдө бейтап саны 291 828ге чыкты.



Тектеш кабарлар