Ковид-19 дагы деле дүйнө жүзүн бушайман кылууда

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 77 миң 630дан ашты.

1506809
Ковид-19 дагы деле дүйнө жүзүн бушайман кылууда
super covid19 genel
super covid19 fransa
super covid19 iran.jpg
super covid-19
Covid-19_vaksin.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 77 миң 630дан ашты. Илдетке чалдыккандардын саны 37 миллион 478 миң 320дан, ал эми айыккандардын саны 28 миллион 118 миң 540тан ашты.

Индияда вирустан каза болгон адамдардын саны 108 миң 371. Өлкөдө ушул кезге чейин Ковид-19га 7 миллион 53 миң 806 адам кабылган.

Кечээки маалыматтарга караганда, ушул кезге чейин Ковид-19дан 28 миң 293 адам каза болгон Иранда вице-президент жана Пландоо жана бюджеттик агенттиктин башчысы Мухаммед Бакыр Нубахттын Ковид-19 тести позитив болгонун жарыялаган. Твиттердеги аккаунтуна жазган постунда Нубахт: «Мен ден-соолукту чыңдоочу борборго айрым белгилер боюнча кайрылдым. Менин Ковид-19 тестинин жыйынтыгы оң болду»,- деди.  Нубахт азыр анын абалы жакшы экендигин, бирок дарыгерлердин көзөмөлүндө экендигин белгиледи.

Сауд Арабиясында Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 22ге көбөйүп, 5 миң 18ге жетти. Өлкөдө 405 жаңы учур аныкталды. Ошентип, бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 338 миң 944 болуп катталды.

Иорданияда Ковид-19дан дагы 15 адамдын өлүмү менен, каза болгондордун саны 181ге жеткен. Өлкөдө жаңы 235 учур аныкталгандан кийин, ооруну жуктуруп алгандардын саны 23 миң 998ге жетти.

Эпидемиянын айынан Кувейтте 6 адам каза болуп, вирустан каза тапкандардын саны 655 болуп катталды. 492 адамда вирус табылса, оорунун саны 110 миң 568ге чейин көбөйгөн.

Ковид-19дан каза болгондор Ливияда 623, Катарда 219 болгон.



Тектеш кабарлар