Армениянын Генжеге ракета атуусу...

Кечээ күчүнө кирген ок атышпоо келишимине карабастан, Армения армиясы аскерий операциялар жүргүзүлүп жаткан аймактардан алыстагы Азербайжандын жарандык калктуу конуштарына кол салууларын улантууда.

1506845
Армениянын Генжеге ракета атуусу...
Ermenistan'ın Gence'ye Saldırısı 4.jpg
Ermenistan'ın Gence'ye Saldırısı 3.jpg
Ermenistan'ın Gence'ye Saldırısı 1.jpg
Ermenistan'ın Gence'ye Saldırısı 2.jpg

Азербайжан менен ок атышпоо келишимин дагы бир жолу бузган Армения армиясы кайрадан карапайым калкты бутага алды. 9 жаран каза болуп, 34 адам жаракат алды.

Кечээ күчүнө кирген ок атышпоо келишимине карабастан, Армения армиясы аскерий операциялар жүргүзүлүп жаткан аймактардан алыстагы Азербайжандын жарандык калктуу конуштарына кол салууларын улантууда.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, Армениянын армиясынын Генже жана Мингечевир шаарларына, Горанбой, Тертер, Агдам, Агкабеди, Физули жана Жабраил провинцияларына замбиректери жана ракеталары менен ок ачканы белгиленди.

Кол салууларда көптөгөн жарандар каза болуп, жаракат алганы, жарандык инфраструктура бузулгандыгы маалымдалды.

Аймактагы чыңалуунун жоопкерчилиги толугу менен Армения бийлигинин мойнунда экендиги белгиленди.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Армения тарабынан Азербайжандын экинчи чоң шаары Генжеге түн ичинде атылган  ракеталардын карапайым калк жашаган турак жайларга тийгени белгиленди.

Кол салуунун таасири менен талкаланган үйлөрдүн урандыларында издөө жана куткаруу иштери улантылып жатканынын маалыматына орун берилген билдирүүдө, каза болгондордун арасында 4 аял, жаракат алгандардын арасында 16 аял жана 6 бала болгону белгиленди.

Азербайжан армиясынын каршы чабуулу кечиккен жок. Армян армиясы көптөгөн адам күчүн жана аскердик техникасын жоготуп, артка чегинүүгө аргасыз болду. Армян армиясынын 38 жоокери набыт болду, 2 Град ракеталык системасы, 7 замбирек жана 2 ок-дары ташуучу унаасы жок кылынды.

Азербайжандын абадан коргонуу күчтөрү Мингечевир шаарынын үстүнөн учуп жүргөн армян учкучсуз учуучу аппаратын (УУА) атып түшүрдү.

Жок кылынгандардын арасында Асала террордук уюмунун мүчөсү болгон жана Хожалы геноцидин жасаган Александр Арутюнян дагы бар.

Азербайжандын президентинин орун басары Хикмет Хажиев, кол салууга аракет кылган Армения Жабраил жана Хадрутта чоң жоготуулар менен артка чегингенин айтты.

Хажиев ошондой эле ракеталык системалар гуманитардык жардам деген ат менен Арменияга жеткирилгенин билдирди.

Хажиев Твиттердеги эсебинде жасаган билдирүүсүндө, Армения ок атпоо келишимин бузуу менен Генже шаарына жана жарандык калктуу конуштарга кол салып, согуш кылмыштарын кылгандыгын айтты.

Хажиев Армениянын мамлекеттик деңгээлдеги террордук саясаты уланып жаткандыгын жана Ереван бийлигинин жазасыз калганы аны дагы көп аскердик кылмыштарды жасоого түрткү болгонун билдирди.

«Арменияны токтотуш керек»,-деп айткан  Хажиев,  Армениянын карапайым калкка жасаган чабуулун «вандализм жана жапайычылык» деп мүнөздөдү жана кол салуу Азербайжан элине каршы жаңы геноцид акциясы болгонун белгиледи.

«Согуштук операциялар жүргүзүлүп жаткан аймактан алыс жайгашкан жайкын тургундарга кыйратуучу ракеталар менен кол салуусу согуш кылмышы болуп саналат. Бул Армения бийлигинин адеп-ахлаксыз жүрүм-турумунун көрүнүшү», - деди Гаджиев.

Бул учурда Азербайжандын Башкы прокуратурасы 27-сентябрдан 11-октябрга чейин Армениянын кол салууларынын натыйжасында адамдардын өмүрү кыйылганын  жана мүлкү кыйрагандыгын жарыялады.

Билдирүүгө ылайык, көрсөтүлгөн мөөнөттө Азербайжандын 41 жараны каза болду, 205 жаран жаракат алды.

Арменияга кол салуу учурунда 1165 үй, 57 батир, 146 коомдук имарат жараксыз абалга келген.



Тектеш кабарлар