Армения Азербайжанга ракета менен кол салды

Кечээ ок атышпоого карабастан кол салуусун уланткан Армения армиясы, түнү ичинде Генже, Мингечевир жана Тертерге ракета атты.

1506695
Армения Азербайжанга ракета менен кол салды

Азербайжан менен түзгөн ок атышпоо келишимин дагы бир жолу бузган Армения армиясынын Генже, Мингечевир жана Тертерге карай ракеталык кол салуусунда 7 жаран каза болуп, 33 жаран жаракат алды.

Кечээ ок атышпоого карабастан кол салуусун уланткан Армения армиясы, түнү ичинде Генже, Берде, Мингечевир жана Тертерге ракета атты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин Твиттер эсебинен берилген билдирүүдө, Армениянын Азербайжандын экинчи чоң шаары Генжеге болгон кол салуусунан 7 жаран каза болуп, 33 жаран жаракат алды.

Анда жаракат алгандардын арасында балдар дагы бар экени билдирилди.

Кол салуудан болжол менен 30 үй жана 50дөн ашык жумушчу орундар зыянга учурады.

Азербайжан армиясынын каршы чабуулу коюусу кечиккен жок. Армян армиясы көптөгөн аскердик күчүн жана аскердик техникасын жоготуп, артка чегинүүгө аргасыз болду. Армян армиясынын 38 жоокери набыт болду, 2 Град ракеталык системасы, 7 замбирек жана 2 ок-дары ташуучу унаасы жок кылынды.

Жок кылынгандардын арасында Асала террордук уюмунун мүчөсү болгон жана Хожалы геноцидин кылган Александр Арутюнян дагы бар.

Азербайжандын президентинин орун басары Хикмет Хажиев, кол салууга аракет кылган Армениянын Жабраил жана Хадрутта чоң жоготуулар менен артка чегингенин айтты.

Хажиев ошондой эле ракеталык системалар гуманитардык жардам деген ат менен Арменияга жеткирилгенин билдирди.

 



Тектеш кабарлар