Тунисте аскердик учак кырсыкка учурады
Кырсыкта учактын учкучунун каза болгондугу билдирилди.
Тунистин түштүгүндөгү Татавин аймагында Ф - 5 моделинде бир аскердик учак кырсыкка учурады жана учкуч каза болду.
Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Тунис аба күчтөрүнө караштуу Ф - 5 моделиндеги бир аскердик учак Татавин аймагындагы чөл аймакта кырсыкка учураган.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Татавин аймагына караштуу Ремада аймагынын жакындарында бир чалгындоо миссиясы учурунда аскердик учактын кырсыкка учурагандыгы, учкучтун каза болгону жана окуяны изилдөө үчүн бир аскердик техникалык комитеттин милдеттендирилгендиги билдириллди.
Учактын кырсыкка учуроо себеби тууралуу маалымат берилген жок.
Тектеш кабарлар
Жаз айы дүйнө жүзү боюнча рекорддук температура менен өттү
Адистер жакынкы күндөрдө жаңы температура рекорддорунун жаңыланышы мүмкүн экенин эскертишти.