Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1502024
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 1 миллион 33 миң 300дөн ашты. Ооруга кабылгандардын саны болсо 34 миллион 836 миңге, ал эми айыгып кеткендердин саны 25 миллион 897 миңге жетти.

213 миң 524 адам каза болуп, 7 миллион 549 миң 323 адамга вирус жуккан АКШда Республикалык сенатор Том Тиллис Ковид-19га кабылганын билдирди. Тиллис вирусту жуктурган 4-сенатор болуп калды. Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байден менен анын жубайы Жилл Байдендин коронавирустук тести болсо таза чыкты.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 7 күндө пандемиядан 538 адам каза болуп, жалпы сан 32 миң 86га жеткенин кабарлады. Илдетке чалыккандардын саны болсо 11 миң 325ке көбөйүп 789 миң 932ни түздү.

Португалияда вирустун кесепетинен адам өлүмү 1 миң 983, ал эми жуктуруп алгандардын саны 77 миң 284 деп катталды.

Францияда ооруканаларда жана карылар үйүндө дагы 136 адамдын каза болушу менен илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 32 миң 155ке жетти. Өлкөдө акыркы 24 саатта Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны болсо 12 миң 148ге көбөйүп 589 миң 653тү түздү.

Венгрия, Польша жана Чехияда Ковид-19 учурларынын саны акыркы 24 саатта рекорддук деңгээлге жетти. Бул 3 өлкөдө каза болгондордун жана жуктургандардын саны төмөнкүчө: 798/28 миң 631, 2 миң 570/95 миң 773, 678/74 миң 255.



Тектеш кабарлар