Украинадагы өрттөр адамдардын өмүрүн алды

11 миң гектарга жайылган өрттүн кесепетинен 250 имарат жабыркады.

1501464
Украинадагы өрттөр адамдардын өмүрүн алды

Украинанын чыгышындагы Луганск аймагында 146 жерде чыккан токой өрттөрүнөн 11 адам каза болуп, 17 адам жаракат алды.

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүнө караганда, токой өрттөрүнүн 116сы өчүрүлүп, 30 жерде болсо өрт өчүрүү иштери уланууда.

Өрттүн кесепетинен 120 адам эвакуацияланды.

11 миң гектарга жайылган өрттүн кесепетинен 250 имарат жабыркады.

Украин полициясы өрттөргө байланыштуу 7 башка тергөө ишин баштады.



Тектеш кабарлар