АКШ армиясында өз өмүрүнө кол салган аскерлер

Өткөн жылы АКШ армиясында 498 жоокер өз жанын кыйган.

1501590
АКШ армиясында өз өмүрүнө кол салган аскерлер

 Өткөн жылы АКШ армиясында 498 аскер өз жанын кыйган.

АКШнын Коргоо министрлиги Пентагон тарабынан даярдалган "Жыл сайынкы суициддик отчетто" өз өмүрүн кыйган аскерлердин 344ү активдүү, ал эми 154ү Запастагы жана Улуттук Гвардиянын кызматкерлери экени айтылган.

Өз өмүрүнө кол салган аскердин 142си Кургактык күчтөрүнө, 83ү Аба күчтөрүнө, 72си Аскер Деңиз күчтөрүнө, 47си Деңиз аскерлерине таандык экендиги белгиленди. 2018 - жылы 326 аскердин өз жанын кыйганына көңүл бурулган отчетто, 2017-жылы бул сандын 287 экени билдирилди.

Запастагы күчтөр менен Улуттук Гвардиянын ортосундагы суициддин көрсөткүчү төмөндөгөндүгү билдирилген отчетто, 2019 - жылы 154 аскердин өз өмүрүнө кол салгандыгы алардын ичинен 65и резервдик жана 89зу Улуттук Гвардиядан экендиги белгиленди.

Запастагы күчтөрдөгү 2018 - жылы 81 аскер каза тапса, 2017 - жылы 93 аскер өз өмүрүнө кол салгандыгы айтылды.

Ошол эле учурда Улуттук Гвардияда өзүн - өзү өлтүрүү фактылары 2018-жылы 136, 2017-жылы 133 болуп катталган.



Тектеш кабарлар