Вакцина үчүн дагы бир миллиард долларлык жардам

ДСУнун программасына колдоо көрсөтүлөт.

1500530
Вакцина үчүн дагы бир миллиард долларлык жардам

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) коронавирустук пандемияга каршы глобалдык вакцина жана дарылоо программасына дагы бир миллиард долларга жакын жардам убада кылынды.

Глобалдык вакцина жана дарылоо программасына колдоо көрсөтүлүшү үчүн уюштурулган конференцияда өкмөттөр, эл аралык уюмдар жана жеке сектор дээрлик 1 миллиард доллар жардам берүүгө убада кылышты.

ACT Accelerator компаниясы, Kovid-19 вакцинасы жана дарылоо ыкмаларынан бирдей мүмкүнчүлүк алуу үчүн 2021-жылдын аягына чейин 2 миллиард доза вакцина, 245 миллион дарылоо жана 500 миллион тест тапшырууну көздөөдө. Бул үчүн 35 миллиард доллар талап кылынат. Ал акча ушул кезге чейин 3 миллиард долларга жеткен.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш глобалдык вакцина программасынын учурдагы ишин улантуу үчүн 15 миллиард долларлык чукул жардам берүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар