Кувейттин эмирин акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары гана катышат

Кувейттин эмири Сабах аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах кечээ 91 жаш курагында көз жумду.

1500067
Кувейттин эмирин акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары гана катышат

Кувейттин эмири Сабах аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахты акыркы сапарга узатуу зыйнаты бир гана туугандарынын катышуусунда өтөт.

Кувейт Эмирлигинин Кеңеши тарабынан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, жарандардын жана тургундардын Кувейттин Эмири Сабах аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан көңүл айтууларын жана сезимдерин жогору баалагандарын, бирок коопсуздук жана элдин саламаттыгы үчүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуунун эмирдин туугандары менен гана чектелип калаары белгиленди.

Кувейттин эмири Сабах аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах кечээ 91 жаш курагында көз жумду.

Кувейттин Министрлер Кеңеши, эмир Сабахтан кийин мураскер ханзаада шейх Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын (83) өлкөнүн жаңы эмири болгонун билдирген.  

Өлкөдө, эмир Сабахтын өлүмүнө байланыштуу 40 күндүк аза күтүү жана мамлекеттик мекемелерде 3 күндүк эс алуу жарыяланган эле.



Тектеш кабарлар